Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунда кош майрамга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунда (КССУИ) кош майрамга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Мекеме кызматкерлери 23-Сентябрь — Мамлекеттик тил күнүн жана жакындап калган Эл аралык карылар күнүн биргеликте белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин саламаттыкты сактоо жана илим тармагындагы орду, аны өнүктүрүү жана күнүмдүк иш кагаздарында кеңири колдонуу маселелери баса белгиленди. Ошондой эле, институтка көп жылдар бою ак дилден кызмат кылып, саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө салым кошкон ардагерлерге, улуу муундун өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирилип, жылуу каалоо-тилектер айтылды.

Институттун жетекчилиги өз сөзүндө:

«Мамлекеттик тил — биздин улуттук сыймыгыбыз, ал эми улуу муундагы кесиптештерибиз — институтубуздун түгөнгүс казынасы, илимий жана практикалык тажрыйбанын булагы. Эне тилибизди даңазалоо менен бирге, ак сакалдуу карыяларыбызга, ардагерлерибизге сый-урмат көрсөтүү — биздин ыйык милдетибиз», — деп белгиледи.

Майрамдык жыйын катышуучулардын каалоо-тилектери, маданий программа жана эстелик сүрөткө түшүү менен аяктады.

Ответить

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *