Курчап турган чөйрөнүн гигиенасы чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча жолугушуу

Курчап турган чөйрөнүн гигиенасы чөйрөсүндө кызматташуу максатында КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КММИжаКЖИнин (Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту), РЦУЗиМКнын (Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору), Коомдук саламаттык сактоо Улуттук институтунун өкүлдөрү менен «Баткен облусунун Кадамжай районунда курчап турган чөйрөнүн гигиенасы боюнча билим берүү программасын иштеп чыгуу» долбоорунун өкүлдөрү М. Наскарелла, К. Бартрем жана Г. Мадмарованын ортосунда жолугушуулар өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө курчап турган чөйрөнүн гигиенасы жана аны коргоо багытында өз ара аракеттенүү жана өнөктөштүктү кеңейтүү маселелери талкууланды. Келечекте курчап турган чөйрөнүн кооптуу факторлорунун жана климаттын өзгөрүүсүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген зыяндуу таасирин аныктоо жана азайтуу боюнча медициналык кызматкерлерди тартуу менен билим берүү программасын иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген